Sunday, September 9, 2012
Эне тилге ооруган атуулдун мамилеси улутчулдукпу?
Откон жумада Жогорку Кенешке чалып, ал жердеги бир партиянын кабыл алмасындагы жигит менен соз алмаштым. Менин мумкун акцентим пайда болгондой чет олкодо узак журуп же жоктур, Кыргыз тилимди пайдаланганда суйломду баш аламан кылып жиберем, кээбирде. Телефондун аркы четиндеги жигит создун ортосунда Орус-Кыргызды аралаштырып жооп берди. Албетте, мен тунук эне тилди куттум эле а бирок аягы чыкпай калды. Бул сыяктуу мисал КР да кунумдук нерсе экенин келтирбей эле койоюн.
Эгер Окмот жана ЖК мамлекеттик тилди жакшы колдонбосо, карапайым элдин арасында тил маселесин ким которуп журот, ошондойлор бар болсо? Эмне учун, эне тилдин абалы Кыргыз Республикасында томонкудой шартка жетти? Менин оюм боюнча бизде адабият тилдин онугуу маселесине жылдан жылга конул бурулбай, эгемендуулукко 20 жылдан ашкандан кийин мамалекеттик тилдин шарты начар. Тушунбостукту жолдон чыгара кетейин, Кыргыз тилдин жоголуусу жонундо соз болгон жок бирок адабият тилдин абалы азыркыдай калса, келе жаткан 10-20 жылдын ичинде кандай болобуз?
Эл аралык тилдердин тарыхынан, бир мисал келтирейин. Азыркы Израил мамлекетинин негизги тили модернисттик Хибру деп эсептелет. 19 кылымдын аягында чыныгы Израил патриоту, Элизэр Бен-Йехуда Еврей калкынын дуйно жузундо чачылган абалын коруп, жалпы Хибру тилдин керектуулугун тушунуп, азыркы Израилдин мамлекеттик тилин онуктуруп жолго чыгарган. Элизэр Бен-Йехуда жана анын колдоочулары биригип 40-50 жылдын ичинде унутулуп калган Хибру тилинин кесепетин тан калычтуу денгээлге чыгарышты.
Эмесе, биз озубуздун тилибизге озубуз таш журок мамиле кылсак, башкалардан эмне кутолу?
Subscribe to:
Post Comments (Atom)

No comments:
Post a Comment